Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаан-чачын болбойт. 4-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 4-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +0...+5, күндүз +11...+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +11...+16;

Талас жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +15...+20;

Бишкек шаарында түнкүсүн +4...+6, күндүз +19...+21 градус болот. Жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан