Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 3 миллион 475 миң 727 жаран биометрикалык каттоодон өткөн

Бүгүн, 3-октябрда "Шайлоонун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылган заманбап технологиялар, андагы Кыргыз өлкөсүнүн тажрыйбасы" аталышындагы конференция болуп өттү.

Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев биометрикалык каттоо боюнча маалымат берди.

"Ушул жылдын 2-октябрына карата жалпысынан 3 миллион 475 миң 727 адам биометрикалык каттоодон өттү. Негизи 18 жаштан жогорку курактагы жарандар жалпы 3 миллион 904 миң 798 адам болуп эсептелет. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр бүгүнкү күндө 429 миң 71 адамды түзөт", - деп билдирди мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан