Кыргыз жарандары Орусияга ар аптанын жума күндөрү уча алышат. Аба каттамдары туруктуу негизде "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары тарабынан ишке ашырылып турат. Мындай маалыматты Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги маалымдады.
Мындан тышкары бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү дагы аба каттамдары уюштурулат. Аптанын бул күндөгү каттамдары менен төмөнкүлөр уча алышат:
- Орусиянын аймагында жакын туугандары барлар (ата-энеси, балдары, жолдошу, жубайы);
- дарылануу үчүн бара тургандар (орусиялык медицина мекемелеринин чакыруусунун негизинде);
- узак мөөнөткө жашоого уруксаты барлар, мекендештерди көчүрүү мамлекеттик программасынын катышуучулары (тастыктоочу документтер авиакомпаниянын өкүлдөрү тарабынан билет алууда жана учакка отурууда текшерилет).