Мэриянын алдындагы "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык кызматынын кызматкерлери "модель" болушту. Тагыраагы, мекеменин суучулары, чөп кыркуучулары жана гүл отургузгандар белгилүү сүрөтчүлөрдүн картиналарынын каарманына айланышты.
"Семён Чуйковдун "Кыргыз Советинин кызы", Сүймөнкүл Чокморовдун "Майрам" жана башка сүрөтчүлөрдүн картиналарындагы каармандарын туурап сүрөткө түшүштү. Кызматкерлер формаларды өздөрү табышты. Сүрөткө тарткан Алма Карсымбек болду. Мэрия ар бир кызматкерге, мекеменин жетекчисине ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта.