Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
Ага ылайык, учурда пандемияга байланыштуу кызыл зонада иштеп жаткан дарыгерлер добуш бере алышпайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG порталына билдирди.
"Республикалык штабдын чечимине ылайык, бүгүнкү күндө кызыл зонада иштеп жаткан дарыгерлер шайлоого добуш бере алышпайт. Бул деген чоң тобокелдик да, жарандарыбыздын ден соолугу маанилүү", - деп билдирди Айгерчинова.