Бүгүн, 4-октябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүндө Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №4051 шайлоо участкасында шайлоо өз нугунда өтүп жатат.
"Кезекте 100дөй адам турат жана эч кандай мыйзам бузуу катталган жок. Шайлоочулар бардык санитардык талаптарды аткарып жатат", - деп билдирди SUPER.KG порталына айыл тургуну.