Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер силкинүү 4-октябрь күнү болжол менен саат 20:12де катталган.
"Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин жеткен. Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.