Биз социалдык тармакта

Баласын аёосуз сабаган ата: Окуя Казакстанда болгон жана шектүү кармалды

Кечээ, 4-октябрда социалдык тармактарга белгисиз эркек кишинин кичинекей баланы уруп жаткандагы видеосу тараган. Ал видеодо болжол менен 12-14 жаштагы баланы чоң эле киши жаман сөздөр менен сөгүп, башка, бетке ургулап жатканы тартылган.

Видео чыккандан кийин окуя Казакстанда болгону аныкталды. Бул окуя тууралуу Жазира Бегалы аттуу казак журналисти өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, видеодо балага кол көтөргөн киши - анын атасы. Мындан тышкары дагы 2 баласы бар экени айтылат. Ал эми видеону баланын апасы тарткан. Ал бул кадамга укук коргоо органдарына далил катары көрсөтүү үчүн барганын жазган. Журналисттин айтуусу боюнча үй-бүлө башчысы 4 жылдан бери балдарын жана аялын сабап жүргөн.

Видео социалдык тармакка тарап кеткенден кийин колдонуучулар Казакстандын укук коргоо органдарына нааразычылыгын билдирген. Алар "бизде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы чаралар, алсыз адам көзү өтүп кеткенде гана көрүлөт" деп жазышкан.

Бүгүн, 5-октябрда видеодогу баланы сабаган адам кармалганын казак басылмалары жазып чыгышты. Мындан тышкары анын кармалгандагы видеосу жарыяланды.

Шектүү эмнеге балдарыңды урдуң деген суроого: "Мен дагы ушинтип тарбиялангам. Мен дагы балдарымды уруп тарбиялайм" деп жооп берген.

"Эки буттуу мыкаачы". Социалдык тармакка кичинекей баланы аёсуз сабаган эркек кишинин видеосу тарады
Социалдык тармакка тараган видеодогу баланы сабаган киши кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ulua
2020-10-05 13:28:22
Чыгарбай жок кылгыла эми коомго коркунучтуу адамды, чыкса аялын жок кылат бул жетим!
0
mira28
2020-10-05 13:59:42
Чыгарсада дайымсоц. Защита жана милиция нын козомолуно болушу керек. Бул акмак талтайып жатпай турмодо баксын 3 баласын иштесин. Сабак болгудай ачка камап озун да дал ошондой шапалак менен чаап уруп анан чыгарыш керек турмодон. Рахмат супер инфо маалыматка, турмого киргенин коруп жаным жай алды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан