Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун өтүшүнө нааразы болгон партия өкүлдөрү жана тургундар тынчтык митингине чыгышты. Митингде "Чоң Казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев элди эч жакка кетпей турууга жана ачка болгондорго тамак берүү үчүн акча чогултууга үндөдү.
Жыйынтыгында чогулгандар акча чогулта башташты. Сыймык Жапыкеев болжол менен 50 миң сомдой чогулганын айтты.
Учурда нааразычылык акциясы уланып, чогулгандардын саны көбөйүүдө.