Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун өтүшүнө нааразы болгон партия өкүлдөрү жана тургундар тынчтык митингине чыгышты. Митингде "Чоң Казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев элди эч жакка кетпей турууга жана ачка болгондорго тамак берүү үчүн акча чогултууга үндөдү.
Саат 14:25ке карата митингдин уюштуруучулары 56 миң сом чогулгандыгын айтышты.
Учурда нааразычылык акциясы уланып, чогулгандардын саны көбөйүүдө.