Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун өтүшүнө нааразы болгон партия өкүлдөрү жана тургундар тынчтык митингине чыгышты.
Митингге "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров келип кошулду. Ал өз сөзүндө шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо өтүшү керек экендигин айтты.