Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан "Замандаш", "Ата Мекен" жана "Республика" партиясынын өкүлдөрү жана шайлоочулары Бишкек шаарындагы Опера жана балет театрынын жанында тынчтык митингин өткөрүштү.
Андан кийин алар "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан митингди көздөй жөнөп бара жатышат.
Учурда нааразычылык акциясы уланып, чогулгандардын саны көбөйүүдө.