Биз социалдык тармакта

Катышкыла. "Аккула" ипподромунун долбооруна кайрадан тендер жарыяланды

Бишкек шаардык мэриясы "Аккула" ат майданынын долбооруна кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин, 7-сентябрда мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар сайтында жаңы ипподром боюнча тендер жарыялаган.

"29-сентябрда арыздар каралып, бирок катышуучулар жок болгонуна байланыштуу мыйзам боюнча тендер өткөрүлгөн жок деп табылган. Капиталдык курулуш башкармалыгы квалификациялык талаптарды карап чыгуу менен кайрадан сынак жарыялады. Тендердик табыштамалар 23-октябрда ачылат. Конкурска архитектор, дизайнер, конструктор, долбоорлоочулар жана башкалар катышса болот", - деп билдирди басма сөз кызматынан Назгүл Жамгырчиева.

Белгилей кетсек, азыркы ипподром 1947-жылы салынган. Ал спорттук ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Долбоордун автору беларустук архитектор Владимир Нусов.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан