Биз социалдык тармакта

"Ала-Тоо" аянтындагы митингге Камчыбек Ташиев жана Курсан Асанов келди

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан партиянын лидерлери жана 2 миңден ашык шайлоочу тынчтык митингин өткөрүп жатышат.

Саат 15:55те митингге "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев келип кошулду. Өз сөзүндө Ташиев шайлоонун таза өтпөгөндүгүн айтып, бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тез арада кайра шайлоо өткөрүлүшү керек экендигин айтты.

Андан көп өтпөй эле ички иштер министринин мурдагы орун басары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер Курсан Асанов дагы келип кошулду.

Асанов өз сөзүндө шайлоодо мыйзам одоно түрдө бузулгандыгын айтты.

Учурда нааразычылык акциясы уланып, чогулгандардын саны көбөйүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bermet01
2020-10-05 17:24:24
Соке менен Матраимовтор элдин добушун уурдап алышты. Акмак экенсинер. Шайшоо отоо балит отту.
+2
JaneEr
2020-10-05 17:37:52
Сокени эми кууп жиберишет бул кетиште
+3
rola
2020-10-05 22:49:38
Кетсе кетирип жаны бийлик тузуш керек.Партиясы жок эле.Мадумаров Ташиевге окшогондор келиш керек бийликке.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан