Биз социалдык тармакта

Баткен районунда селден жабыркаган ички жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө

Баткен районунда селден жабыркаган ички жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасынын негизинде Баткен районунун Карабак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн министрлик тарабынан 20 тонна цемент жана 1600 килограмм арматура бөлүнүп, жумуштар жергиликтүү бийлик тарабынан жүргүзүлүүдө.
"Аталган иш-чаранын негизинде Баткен районунун Суу-Башы аймагынын Божой айылындагы селден жабыркаган ички жолдорду калыбына келтирүү үчүн министрлик тарабынан автогрейдир, автожүктөгүч, КамАЗ бөлүнүп, учурда жумуштар кызуу жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан