Биз социалдык тармакта

Чүй жана Баткенде 26 миң бөтөлкөдөн ашык лицензиясыз алкоголдук ичимдик конфискацияланды

Салык кызматы 26 миң бөтөлкөдөн ашык лицензиясыз алкоголдук ичимдикти тартып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Чүй жана Баткен облустарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, тийиштүү документи жок сатуу максатында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталганы маалымдалат.

"Жалпысынан ар кандай идиштеги жана аталыштагы 26 миң 369 бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды. Анын ичинен Баткен шаарындагы кампалардын биринен 16 миң 682 бөтөлкө, Ысык-Ата районунан 9 миң 687 бөтөлкө. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан