Жалал-Абаддагы мектептер ачылбайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда Жалал-Абад шаарындагы мектептер 2-класстан 6-класска чейинки окуучуларды убактылуу кабыл албай турганы айтылат.
"Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин жугуу коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу азырынча мектептерди ачуу белгисиз мөөнөткө калтырылды. Балдардын ден соолугуна кооптулук жаратпоо үчүн шаардык штаб бул жыйынтыкка келди.
Бирок калаадагы биринчи класстын окуучулары алуусун токтотпойт. Алар мурункудай тартипте эле санитардык эрежелерди сактоо менен мектептерден билим алышат", - деп жазылат маалыматта.