Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында. Тактап айтканда, бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эске салабыз.
Ошондуктан жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.