Бүгүн, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар борбордук "Ала-Тоо" аянтында митинг уюштурушту. Андан соң чогулган эл Ак Үйгө кирүүгө аракет кылышып, таш дагы ыргытып жатышты. Күч органдары келип, митингчилерди таратуу үчүн суу чачып, асманга ок атышты.
Милициянын эки кызматкери жаракат алгандыгы кабарланган. Жарандардын арасында дагы жаракат алгандар бар экенин сүрөттөрдөн көрүүгө болот. "Тез жардам" кызматы тарабынан жеринде жардам көрсөтүлдү.