Биз социалдык тармакта

Бишкек ШИИББи массалык баш аламандык боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкек ШИИББи массалык баш аламандык боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Жумаков SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

"Учурда толук маалымат күтүп жатабыз. Бирок реестрге "массалык баш аламандык" беренеси менен катталды", - деп билдирди Жумаков.

Бүгүн, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Учурда аянтта митингге чыккандарды таратуу боюнча күч түзүмдөрү иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Maks_shop
2020-10-05 22:38:07
Баары мыйзам чеегинде жооп бериш керек булардын 70%мародёрлор
-9
rola
2020-10-05 22:42:47
Эми шылтоо менен камап коюушат.Анан элди акырын соро башташат.
+3
nazira...
2020-10-05 22:54:27
Аркасындагы чагымчылдар не дешет экен эми
+3
Welcome.
2020-10-06 01:20:55
Сооронбайды алмаштыруучу мезгил, аягына чейин турабыз кыргыз элим!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан