Биз социалдык тармакта

Түнкү саат 12ге карата митингден жаракат алгандар тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратты

Митингден жаракат алып, ооруканага түшкөн жарандар тууралуу саат 24:00гө карата Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга 40 адам жеткирилди. Алардын ичинен 2 адам баш мээсинен жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө. Шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 65 адам жеткирилген. Алардын арасында күч түзүмдөрүнүн 40 кызматкери бар. Жаракат алгандардын ичинен 2 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Абалы оор деп бааланууда. №1 шаардык ооруканага 2, Чүй облустук ооруканасына 7, Улуттук хирургиялык борборго 7 адам жеткирилип, алардын ичинен бири амбулатордук жардам алды.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына наарызы болгон тараптар "Ала-Тоо" аянтында митинг уюштурушту.








РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан