6-октябрь, түн. Саат түнкү 2:30 болду. Бишкекте абал тынчый элек. Буга чейин Чүй-Чыңгыз Айтматов кең көчөлөрүнүн, Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде эл топтолуп, тартип сакчылары таратуу аракеттерин көрүп жатышкан.
Учурда "Ала-Тоо" аянтына орнотулган камера андагы абалдын тынч эместигин көрсөтүүдө. Андан аянтка бир нече эл топтолгонун, ортодо күйүп жаткан нерселер бар экенин көрүүгө болот. Айта кетсек, 5-октябрда Жогорку Кеңешке шайоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыккан.

