Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына маалымдады.
"Сооронбай Жээнбеков Ак Үйдө, жумуш ордунда саат түнкү 02:00гө чейин болду. Саясий күчтөрдүн бардыгы менен жеке жолугуп сүйлөштү. Президент нааразычылык акциясын уюштургандар бардык ишти акылга салып жасайт деп күтөт. Бардык саясий күчтөр өлкөдө тынчтыкты сактайт деген ишенимин билдирди", - деди маалымат катчы.