Буга чейин окуяга күбө болгон жактоочу саясатчы Адахан Мадумаровдун Ак Үйдүн алдында сабалганын маалымдаган. Көп өтпөй Мадумаровду топ адамдар кармап, айрымдары чаап жибергенге үлгүргөн видео тарады. Митингчилердин тобунун арасында калып калган саясатчыны андагылардын кээ бирлери урбоого чакырган. Анткени менен ал отурган унаанын жүрүп кетүүсүнө жол бербей, үстүнө чыгып айнегин талкалагандар болду. Бирок окуянын калган бөлүгү видеого тартылган эмес. Жактоочу Мадумаровдун катуу сабалганын билдирген.