"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Аркан бою - Бир аз гана, анча-мынча, көп учурда өлчөмгө карата айтылган сөз. Мисалы: Күн тиги кырдан аркан бою көтөрүлө бергенде булар көпүрөнү бүтүштү. (К.Жантөшев)
2. Ат тезегин кургатпай - арадан анчалык убакыт өткөрбөй, тез-тез, тынымсыз, дайыма деген мааниде колдонулат. Мисалы: Ат тезегин кургатпай, кейитип сени ыйлатпай, келип турам бул жайга. ("Олжобай менен Кишимжан")
3. Ач айкырык, куу сүрөөн - абдан катуу, сүрдүү, айбаттуу чыккан ачуу үн, кулак мээни жарган ызы-чуу. Мисалы: Асмандан түшкөн эмедей, Ач кыйкырык, куу сүрөөн, Алмамбеттей Күлчоро, айкырыкты салды дейт. ("Манас").