Биз социалдык тармакта

Улуттук банк коммерциялык банктарга, финансы-кредит уюмдарына өз ишин токтотуп турууну сунуштады

Өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 6-октябрда өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда Улуттук банк онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер жана башка) аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан