Биз социалдык тармакта

Оштун мэри Сарыбашов кызматтан алынды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти. Мындай чечим бүгүн, 6-октябрда шаардык кеңештин чукул жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Маалыматты SUPER.KG порталына мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

"45 депутаттын 31и мэрге ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бирок Сарыбашов бул чечимге башын жерге салып калбай, дагы да болсо калаа үчүн кызмат кыла берет", - деди ал.

Жыйынга катышкан 31 депутат мэрдин иштөөсүнө каршы экенин билдирип, ишеним көрсөткөн жок.

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланып жатат. Буга чейин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аянтка чыккан. Ал жалпы чогулгандарды ынтымакка чакырган болчу. Бирок парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч нерсе айткан эмес.

Ал эми эл мэр кызматын тапшырып берүүсүн талап кылышкан.

Мунун алдында Ош шаардык кеңеши чукул жыйынга чогулуп, мэрдин кызмат ордун карап жатышкан болчу.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык баш аламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. "Ала-Тоо" аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
XAN-TORO
2020-10-06 12:58:27
Мэрди ордуна коюп койгула калганын билбейм
+25
Alia82
2020-10-06 12:58:32
Ош шаардык кенештин депутаттары сразу кун чыккан жакты карап калышты да...
+28
Bakbai
2020-10-06 13:00:07
Мээрди ордуна койгула
+19
JaneEr
2020-10-06 13:04:53
Депутаттарды айдаш керек.Мэрдин богун жесин алар
+22
mirkaa5182
2020-10-06 13:09:05
Т.Сарыбашов эл үчүн дагы иштеш керек болчу, Ошту тартипке келтирип койду эле.
+20
mirkaa5182
2020-10-06 13:10:06
Ай акылы жок депутаттар иштеген мерде неге кетирдиңер, эл үчүн мер экен элё.
+19
admiral
2020-10-06 13:10:20
Сарбашев биримдиктин женишин куттуктап, майрамдап журду эле, ошондо жакпады эле
-5
bessmertiy
2020-10-06 13:22:27
Таалай мырза кайрадан шайлоо болсо депутаттыка койсо Ош шаарынын эли колдоп берет. Партиялар Таалайбек Сарыбашевге киши сала берсеңер болот.
+9
aliya-leyla
2020-10-06 22:41:00
bessmertiy,:))
0
NURSAPAR
2020-10-06 13:42:36
Мэр жакшы иштеп жаткан. Күн карама депутаттарды жок кылыш керек. Кемесин таштап качкан келемиштердин баарын жок кылыш керек
+12
Dikowka93
2020-10-06 14:31:25
Ошол депуттаттарды кууш керек акмактар сарыбашевдей мэр таппайсынар
+7
Saidochka
2020-10-06 15:09:30
Карантинде кандай чуркап,күйугүп иштеп аты Сарыбашев.туура эмес иш болуптур.мэрди кайтарып бергиле
+8
Saidochka
2020-10-06 15:18:16
Эл билет,эл -калыс.Ошту Бишкектен жакшы кылып койду эле.Бир ууч шакалдар сатып кетиптир даэ
+6
samirabi
2020-10-06 15:21:08
Мэрди ордуна койгула,ал жакшы эле иштеп атты го.Мелиске башка кызмат тургандыр
+5
Mital.89
2020-10-06 15:54:10
Ай конченныйлар бир жакшы иштеген мээрди не кетирдинер. Мелис келип казанына эт салып бермек беле. Керек болсо Мелисденда зор иштеди.Бизге жоноткуло Ж абадка бизге керек.
+6
Gabiku
2020-10-06 18:03:38
Мэр иштебеди деген ком мээ депутаттар, ХБК западныйга, базарга барып коргуло до и после суротун чыгарып салыштыргыла анан билесинер Ким иштеп ким жеп жатканын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан