"Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аэропорттогу бардык эл аралык жана ички каттамдар график боюнча аткарылып жатат, Бишкек-Ош жана сыртка учуулар өз убактысында ишке ашып жатат.
"Биз бардык жүргүнчүлөрдөн аэропортко алдын ала келүүнү суранабыз. Чет өлкөгө учуп кетүүчүлөр паспорт жана ПЦР-тестин унутпашы керек. Аэропорт бардык талаптарга түшүнүү менен мамиле жасоону суранат", - деп айтылат билдирүүдө.