Буга чейин Ысык-Көл облусунун башчылык кызматынан кетүү тууралуу арызын жазган Балбак Түлөбаев жаңы өкмөт түзүлгүчө облусту башкарат. Бул тууралуу ал түз эфирде айтты.
"Урматтуу эл журт! Буга чейин мен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгам. Себеби мен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү боло албайм. Бирок менден Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп райондорунан, Каракол шаарынан жарандар келип ушундай оор кырдаалда таштап кетпешимди суранып жатышат. Мен жаңы өкмөт дайындалып, облуска ыйгарым укуктуу жаңы өкүл келгиче кызматымды аткарам", - деди Түлөбаев.