
5-октябрда болгон митингден каза болгон жигит 19 жашта болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 6-октябрь күнү медициналык жардам көрсөтүү жана өз алдынча кайрылуу жолу менен саламаттыкты сактоо уюмуна жалпысынан 590 жабырлануучу кабыл алынган.
Алардын ичинен 439 адам медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жаракаттарды алган 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылып, алардын 13ү жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 288 жабырлануучу келип түшкөн, алардын 69у ооруканага жаткырылган, 5 жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат.