Биз социалдык тармакта

1-6-класстын окуучулары дистанциялык окутуу формасына кайтат

1-6-класстын окуучулары дистанциялык окутуу формасына кайтат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-октябрдан баштап 1-6-класстын окуучуларынын коопсуздугу үчүн дистанциялык окутуу формасына кайтуу чечими кабыл алынды. Билим берүү бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына дистанциялык окутуу процессин уюштурууну көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле ведомство мектептер-интернаттарды, балдар үйлөрүн аймактык ички иштер кызматкерлери менен биргеликте көзөмөлгө алуу милдеттендирди. Ал эми окутуу процессин калыбына келтирүү маселеси өлкөдө стабилдүүлүк орногон соң каралмакчы.

Буга чейин, 6-октябрдан баштап өлкөдөгү 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй ала тургандыгы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2020-10-06 18:19:02
Бут Кыргызстан боюнча кочодо эл митингде журот.Биз чондорго жукпаган оруу мектепке барган балдарга жукмак беле.Балдар сабатсыз болуп атат ачыш керек мектепти.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан