Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев Саламаттыкты сактоо министрлиги саясаттан тышкары экенин айтып, министрлик өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарууну улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Министр Сабиржан Абдикаримов убактылуу министрликтин имаратынан чыгып кетти. Бирок ал азырынча ыйгарым укуктарын токтото элек. Биздин кызматкерлер өлкөдө медициналык жардам көрсөтүү боюнча жалпы кырдаалды көзөмөлдөп, коронавирусту алдын алуу, анын республика аймагында жайылышын болтурбоо боюнча иштерди уланта берет", - деген Нурболот Усенбаев.
Нурболот Усенбаевдин билдирүүсү чыккандан 2 сааттан кийин саламаттыкты сактоо министринин иш бөлмөсү "опечатка" болгонун министрликтин коомдук кеңешинин мүчөсү Ольга Труханова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Расмий министрдин дайындалуусуна чейин иш бөлмө "опечатка" белгиси менен жабылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин активисттери министрликтин ишин укуктук нукка алып келүүгө аракет жасап жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигин орун басарлар жетектеп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.