Биз социалдык тармакта

Массалык баш аламандыкта жаракат алып, ооруканага кайрылгандардын саны 686 болду (саат 15:00гө карата)

Массалык баш аламандыктан улам денесинен ар кандай жаракат алып, ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн, 6-октябрь саат 15:00гө карата 686 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Медициналык мекемелерге кайрылгандардын ичинен 521и алгачкы жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү. 164 бейтап дарылануу үчүн ооруканаларга жаткырылып, анын жетөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир жабырлануучу ооруканада көз жумду".

* Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жалпы 313 жаран кайрылса, анын 75и ооруканага жаткырылды. 3 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук госпиталга жалпы 215 киши кайрылып, 58и дарылануу үчүн жаткырылды. Анын ичинен 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы, 1 эркек киши каза болду.

* №1 шаардык клиникалык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган 30 жаран кайрылып, 7 киши бейтапканага жаткырылды. 1 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Чүй облустук ооруканасына 113 киши кайрылып, анын 102си амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. 11 бейтап ооруканага жаткырылды, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.

* Улуттук хирургия борборуна 15 киши кайрылып, 13ү медициналык жардам алууда.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан