
Социалдык тармактын
Элдар Абакиров аттуу колдонуучусу митингде колунан ажырап калды делген 19 жаштагы жигиттин сүрөтүн жүктөп, астына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.
"Ырыскелди 19 жашында кулак тундуруучу гранатанын айынан колунан ажырады. Адилет резина октон жаракат алды. Мындайлар жүздөп саналат. Ким добушун саткан болсо, бул силердин абийириңерде. Бул силер үчүн сабак болду деп үмүттөнөм. Учурда кызмат үчүн кырылышып жаткандар, көбүңөр кечээ жок болгонсуңар. Биз силердин кызмат алышыңарга жол бербейбиз. Бийликке өлкөнү кризистен чыгарып кете алган кесипкөй адамдардын келиши үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз", - деп жазган ал.