Азыркы убакта Бишкек шаарындагы коопсуздук милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундар тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, алар коомдук коопсуздукту сактоого, өздүк жана мамлекеттик мүлктү коргоого жана өзгөчө маанилүү объектилерди коргоого алды.
"Убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу Жоошбек Коёналиевдин буйругуна ылайык, бардык райондордун аймагында ыктыярдуу элдик кошуундар уюштурулган, алардын милдети милиция кызматкерлери менен биргеликте коомдун коопсуздугун сактоо".