Биз социалдык тармакта

Акча которуу жана эл аралык төлөм системдеринин иши токтотулду

Улуттук банк коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына 7-октябрында өз ишин токтотуп, өлкөбүздө саясий абал туруктуу болгонго чейин коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан маалымдашты.

* Улуттук "Элкарт" төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну улантууда. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр нак эмес жана аралыктан төлөөнүн ар кандай инструменттерин – банктык төлөм карттарды, электрондук капчыктарды, "Элкарт Мобайл" мобилдик тиркемелерин, QR-коддорду жана башканы колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

* Ошол эле учурда акча которууну камсыз кылган улуттук төлөм системаларынын, ошондой эле чек ара аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системаларынын иши токтотулду.

* Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча финансылык уюмдарга онлайн кызмат көрсөтүүлөрү (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенжерлер) аркылуу кайрылууну сунуштайт.

* Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды колдонот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asel69
2020-10-07 11:54:36
Токтоткула болду бутту. Элдер оз ишин кылсын
+1
akmanai
2020-10-07 12:04:31
Банктар онлай, банк аралык акча которууларды, чек аралар сыртка ири суммадагы акчанын чыгуусун козомолдоп, токтотуп туруу менен казынадан уурдалган акчалардын сыртка чыгып кетпоосуно богот коё алат. Ким билет балким буга чейин деле чыгып кетти далай акчалар
+5
Zimzimemir
2020-10-07 12:25:10
akmanai,туур бул башынан уюшулган,чыгарып кетишти ,калган катканын болсода кармап турсун эми
+3
ika8086
2020-10-07 13:46:11
Ушул жерде банк,банкоматардын иштебей турганы абдан жакшы ушулжерде кимдин башы иштеседа туура кылды.Бут банк системалардын очургону мамлекеткеда пайдасы бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан