Бүгүн, 7-октябрда "Ала-Тоо" аянтында өзүн-өзү кызматтарга дайындап алган саясатчыларды сындаган митинг өтүп жатат.
Аталган митингде "Биз тынчтык үчүн" деген жазууну көтөргөн мотурайган бөбөктөрдүн сүрөтү социалдык тармактарга тарады.
Анда интернет колдонуучуларынын бири: "Азыр аянтта. Балдар тынчтык үчүн. Мен мага кимдин саясий көз карашы жакын экендигин чечтим окшойт", - деген билдирүүсүн калтырган.