Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы борбор шаардын аймагында коомдук коопсуздукту орнотуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн ыкчам "102" линиясы чакырууларды кабыл алып, мыйзам бузууларга жана талап-тоноочулукка жол бербейт. Коомдук тартипти сактоо менен ар кандай чагымчыл чакырууларга алдырбоого чакырат", - деп айтылат бидирүүдө.