Биз социалдык тармакта

Ош шаарынын мэри кызматына кайтып келди

Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарынын борбордук аянтында мэр Таалайбек Сарыбашовду колдоо митинги өттү. Анда тарапташтар Сарыбашовдун кызмат ордуна кайра кайтып келүүсүн талап кылышты.

Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы буларды билдирди.

"Кечээ жарандар "Бир Бол” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Төрөкуловдун мэр болушун каалап жатса, экинчи тарап мурунку калаа башчысы Мелис Мырзакматовдун, ал эми айрымдары Таалайбек Сарыбашов мэр болуп келсин деген талап менен митингге чыгышкан. Кооптуу маселе жаралгандыктан мэр кызматты убактылуу тапшырган. Бирок расмий түрдө арыз жазган эмес. Бүгүн элдин талабы менен Сарыбашов кайра ишин улантып жатат.

Буга чейин мэрияны ээлеп алгандар мекемени бошотуп, чыгып кетишти. Мэр тиешелүү тапшырмаларды берип жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Abdullatif
2020-10-07 19:06:26
Аябай кубанычтамын
+20
Danysh1
2020-10-07 19:12:36
Урматуу Ош шаарынын тургундары Сарыбашовту колдон чыгарбагыла туугандар андай инсан чыкбайт эн мыкты иштейт Бишкектен жазып жатам же бизге бергиле меер кылып алайлы
+27
Samatalibei
2020-10-07 19:19:32
Талайбек Сарпашов эн жакшы иштерди жасады Эгер кресло учун ушул кишиге колунар тийсе анда силердин козунор көр мындай иштеген киши жок азыр.
+13
nurka_85
2020-10-07 19:22:40
Кубанычтабыз. Тезирээк стабилдүүлүк кайтып келсин. Заманыбыз тынч болсун. Тартип бузгандар жазасын алсын эми кутура беришпей.
+8
Tolkun555
2020-10-07 19:25:19
Сарпашевди бошотпогула.Мен Баткенден болом.Красноярскийден жазып жатам.Пандемия учурунда элге кылган кызматыны унутпагыла.Мелисти губернатор кылып шайлап алыш керек.
+12
JaneEr
2020-10-07 19:28:23
Мэрибизге коз тийбесин!
+8
Glucke
2020-10-07 19:44:37
Элдик адамды ушинтип эле эл сүрөп ордуна коюп коёт. Эч ким каршылык кыла алган жок, Душка өзү эле кантип кеткенин билбей калды.
+10
take_83
2020-10-07 19:57:31
Жакшы иштеген дагыда которот Ош Шаарын туура тандоо
+10
Saidochka
2020-10-07 22:45:27
Өллө сүйүнүп атам,иштеген адамды эл деле билет,чындап иштеген чыныгы мэр.Кайтып келишиниз менен,Таалайбек Насиржанович.Оштун эли сиз менен!!!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан