Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте кайрадан митинг өттү. Учурда өкмөт үйүнүн алдына эл топтолгон, алардын саны өсүүдө. Ал жерге келгендердин айрымдары өкмөт башчылыкка Тилек Токтогазиевди коюу керек деген пикирлерин айтышууда. Буга чейин өкмөт үйүн бир катар партия өкүлдөрү премьер-министрди шайлоону талкуулашкан. Бирок Токтогазивди шайлоо бирдиктүү колдоо тапкан жок. Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун премьер-министр кызматында калышына тилектеш болгондор да бар.