Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева, мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова мэриянын бир катар кызматкерлери менен биргеликте 5-октябрдагы митингде жаракат алгандардан кабар алышты.
Муниципалитеттин кызматкерлери ар кандай даражадагы жаракат алган бейтаптар жаткан ооруканага барып, абалдары менен таанышып келгенин SUPER.KG порталына Гуля Алманбетова билдирди.
"Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, оор абалдагылары жок. Алардын бири оор сынык жаракатын алган экен. Ага операция жасалганы айтылды. Бардык бейтаптар жакшы шартта каралып жатыптыр. Эч нерсеге муктаж эмес", - деди мэрдин кеңешчиси.