Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал Кыргыз-Өзбек чек арасынан кармалган.
6-октябрда Өзбекстан Республикасынын чек ара аскерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп бара жаткан жеринен Тилек Матраимов, анын баласы, жакын туугандары жана жеке күзөтчүсү кармалды.