Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматына кайтып келди. Анын тарапташтары бүгүн, 8-октябрда эрте менен мэриянын алдында чогулушкан. Мэр чогулган элге кайрылып, 2 күн ичинде аралыктан иштегенин билдирди.
"Шаардык мэрияны, шаардын тазалыгын сактоо, коммуналдык кызматтардын иши токтоп калбашы, ошондой эле конфликтке жол бербөө үчүн аралыктан иштеп турууну туура көрдүм. Элдик кошуунга, шаар тургундарына тиешелүү суроолорго телефон аркылуу жооп берип жаттым. Стабилдүүлүктү сактоо максатында аралыктан иштедим. Шаарды бир мүнөт дагы калтырбадым", - деди шаар мэри.
Эске салсак, 6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Азыркы тапта мэр оюнан кайтып, иш ордуна кайтып келди.