Маданият, маалымат жана туризм министрлиги штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга карабастан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатышат.
Министрликтин жетекчилиги ведомствонун үзгүлтүксүз ишин жүргүзүүнү камсыздоо боюнча иш алып барып жатат", - деп билдиришти министрликтен.