
Митингде каза болгон 19 жаштагы
Үмүтбек Алтынбек уулунун сөөгү бүгүн Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында жерге берилет. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына
Инаят Ниматова аттуу маркумдун жердеши кабарлады.
"Бүгүн Үмүтбектин сөөгү Кара-Булак айылында саат 12:00дө жерге берилет. Ал 19 жашта болчу. Лейлек эли өз уулун баатырларча акыркы сапарга узатууга даярдык көрдү", - деди ал.
5-октябрда өткөн митингде жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып, каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу
болгон.