Биз социалдык тармакта

"Башаламандык учурунда "Тез жардам" кызматынын 5 медицина кызматкери жабыркап, 6 унаа талкаланды" дейт министр

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медицина кызматкерлерине кол салынгандыгы жана "Тез жардам" кызматынын унаалары талкалангандыгы тууралуу тынчсызданып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-октябрда брифинг учурунда билдирди.

Бул чыр-чатакка саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кошпоого чакырды.

"Башаламандык учурунда "Тез жардам" кызматынын 5 медицина кызматкери жабыркады жана 6 унаасы талкаланды. Эки унааны тоноп кетишти. Биз унааларды кыйынчылык менен алып, жабдыктар менен камсыздаганбыз. Мындай башаламандыкта алар жарактан чыгып калып жатат. Бүгүн дагы 13 "Тез жардам" унаасы келди. Аларды саламаттыкты сактоо мекемелерине бөлүштүрүп беребиз”, - деди Сабиржан Абдикаримов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-10-08 14:45:44
Кимдер талкалаганы, тоногону видеого түшкөндүр төлөткүлө, мамлекеттин мүлкү, элдин акчасына келгенда алар! Болбосо митинг пикетти уюуштургандар төлөсүн!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан