Биз социалдык тармакта

БШК: "Кайра шайлоо бир айга жетпей жарыяланат"

БШК Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир айга жетпеген убакытта белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова SUPER.KG порталына билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, 4-октябрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгына байланыштуу кайра шайлоо өтөт. Ал үчүн БШК эч жерден уруксат албай эле баш мыйзамдын 31-беренесине ылайык, шайлоону уюштура берет. Биз, албетте, бир ай күтө албайбыз ага чейин өткөрүү керек. Шайлоону кайра өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына келген арыздарды, андан тышкары БШКга түшкөн арыздар, ошондой эле ИИМге, Башкы прокуратурага жана ЖМКларга чыккан мыйзам бузуу фактыларын карап, ар бирин талдап чыгуу керек. Эгерде ошондо шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп болгон саясий партиялар аныкталса, алар шайлоого кайрадан катыша алышпайт. Эгерде борборбук шайлоо комиссиясы күнөөлүү болсо, анда кайра комиссия түзүлөт", - деп билдирди Атыр Абдрахматова.

Белгилей кетсек, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары алган. Бул партиялардан тышкары 7 пайыз босогону "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бүгүнкү күнгө карата митингден жаракат алып, медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 1002ге жеткени маалымдалды. Учурда өлкөдө абал дагы да болсо турукташа элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kennedy
2020-10-08 13:39:30
Бир мандаттуу шайлоого отуубуз керек. Партия менен болбойт.
+14
bekov01
2020-10-08 13:43:52
Болбойт мындай шайлоо. Бир мандаттуу болуп келишсин болбосо жаштардын меенети акталбай калат
+17
bekov01
2020-10-08 13:44:39
120 депутат кереги жок 55 депутат жетет
+14
bekov01
2020-10-08 13:45:20
Шайлоону шашпай туура мыйзамдар кабыл алынгандан кийин откозуу керек
+9
tatynam_88
2020-10-08 13:46:02
Президент уюштуруп жатабы ошондо.команда берип.аттан тушсо да ээрден тушпос болду го Соке
+6
aliya-leyla
2020-10-08 16:00:59
tatynam_88, азыркы кыйындар эптеп мыйзамдаштыруу жолу
0
JaneEr
2020-10-08 13:48:54
Эн туура,мыйзамдуу жол ушул.Азыркы кырдаалда башка жол жок.Ар ким озуно кыйын болуп оздорун оздору шайлап жатат
0
mirkaa5182
2020-10-08 14:05:34
Эртерак шайлоо уюштурбаса болбой калды бирок мурункудай партиялык система эмес можаритардык система менен шайлоо уюштуруш керек.
+2
AdylbekB84
2020-10-08 14:34:14
Биринчи депутаттардын санын азайтып андан кийин шайлоо жөнүндө сөз кылгыла, Кыргызстанга 50 депутат жетет, 7 областька 7 нен депутат болсо болот спикер менен 50 депутат болсун! Бекер эле чыгым кылышат, кээде важный закон кабыл алып жатканда 20 депутат отурган болот жокторго кнопка басып чуркашып! 50 депутат болсо кимдин жумушка келбегини билинип турат элге!
+2
sabirdinovich
2020-10-08 15:15:47
Ар бир район жана ар бир областтык борборлор үчүн бирден гана депутат жетет, 120 депутат чын эле ашыкча болуп калат экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан