Өкмөт үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун колдоочулары митингге чыгышты. Бүгүн, 8-октябрда Садыр Жапаровдун талапташтары митинг өткөрүп жатышат. Алар колдоруна "Эл Садыр Жапаровду колдойт" деген жазууларды көтөрүп алышкан.
6-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Жапаров өкмөт башчылыкка шайланган болчу. Бирок кечээ бул чечимге каршы болгондор митингге чыгышып, премьер-министрлик кызмат кайрадан талашка түшкөн.