Биз социалдык тармакта

Эртең, 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг боло турганы айтылды

Эртең, 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митинг болот. Бул тууралуу "Социал-демократтар" партиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө.
"Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүнкү күндө мамлекеттин эртеңи коркунучта турат. Мамлекеттик башкаруу системасы башаламандыкка батып бара жатат. Элден качып кеткен президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү ушундай мышык ыйлагыдай абалга жеткиргени аз келгенсип мамлекеттик органдарды шал кылуу аракетин улантууда. Мамлекеттик бийликти кечээ эле Жээнбековдук-Матраимовдук үй-бүлөлүк жана кландык режимин кубаттап жаткан күчтөр менен ыңгайлуу учурду күтүп отурган адамдар басып алууда. Булар кресло талашып жатканда чыныгы оппозиция эл менен чогуу Бишкектин көчөлөрүндө Жээнбековдук-Матраимовдук кылмыштуу мафиялык топторго каршы күрөшүп, шаарды коргоп жүрдү.

Урматтуу мекендештер!
Өлкөдөгү туруктуулук жана тартипти калыбына келтирүү керек. Матраимовдор менен Жээнбековдор агенттерин жөнөтүп, алар элдик революцияны жокко чыгаруу максатында Бишкекте жеке менчикке тийиштүү объектилерди атайылап талкалап жатышат. Биз кулатылган бийликтин кылмыштуу аракеттерин токтотушубуз зарыл. Буга байланыштуу 6-октябрда башкалар менен чогуу элдик кошуун уюштурдук. Алар шаарды коргоодо олуттуу салымын кошуп жатышат. Кулатылган бийликтин өкүлдөрүнөн турган уюшкан кылмыштуу топ реванш алуу максаты менен элдин арасына жик түшүрүп, аймактар аралык жек көрүүнү жаратууга аракет кылып жатышат! Биз буга каршы турушубуз керек!

Биз бардык демократиялык, элдик-мекенчил жана башка прогрессивдүү күчтөрдү өлкөдө туруктуулук, тынчтык, мыйзамдуулукту орнотуу максатында үй-бүлөлүк жана кландык режимдердин реванш алуусуна жана талап-тоноочулукка каршы 9-октябрь күнү саат 14:00дө “Форум” имаратынын алдында митингге чыгууга чакырабыз. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин, ошондой эле мыйзамдуулук жана тартип орнотулушун каалаган бардык саясий партиялардын лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Bars88
2020-10-08 15:45:26
Аша не болду солугуппу
+18
Akshumkar
2020-10-08 16:26:39
Bars88, Эмне чогу ичтинби
-10
Bars88
2020-10-09 04:34:50
Куюшканга кыпчылбачы бир жерини айрып койбоюн
0
Glucke
2020-10-08 16:42:18
Bars88, Түрмөдөн чыгышын майрамдап бүткөн го. Бардык партиялар кресло талашуу менен алек болуп жатканда жалгыз гана Ыйман Нуру партиясы, Н.Кадырбеков аларга кресло эмес элдин тынчтыгы керектигин айтып шаарды каракчылардын коргоо менен алек болуп жатат.
+11
nunu77
2020-10-08 15:59:22
Темирлан тряпка жазганго оюнан чыгарып Алкашты колдоп
+10
friendwipkg
2020-10-08 16:00:29
Кыргызстанда тынчтык болушун каалагандар барбагыла!
+20
aliya-leyla
2020-10-08 16:16:44
friendwipkg,++++++
+5
Ankel
2020-10-08 16:28:25
Курсан Асанов сен не кылып отурасың эки күндөн бери, коомдук тартипти сактайм деп МВД га бардыңбы же Ашаны кайра алып келем деп отурасыңбы, эгер супердин окусаң жооп бер ушул суроого. Не дымың чыкпайт элди кайраштырып. Кыскасын айтканда сен министр МВД га түк эле татыктуу эмессиң
0
Glucke
2020-10-08 16:44:54
Ankel,Ал креслосун сактоо менен алек. Анжелика, Самарадан мастер класс алган окшойт формасын кийип калп эле журналистерге кыйратып жатам деп эптеп баскан ар бир кадамын сүрөткө тартып пиар менен алек.
+1
mirkaa5182
2020-10-08 16:39:23
АША чыгып алып дагы башаламандык уюштурганы калдыбы, жөн эле отурсаңчы.
+9
Mrbektur
2020-10-08 17:18:33
Ушундай болушуна АШАнын күнөөсү чоң барбагыла.
+7
Glucke
2020-10-08 17:27:04
Атамбаев, Исаков бул жактан адам топтоп аянтка өтөт.Бабанов 15миң киши алып барып эртең аянтта С.Жапаровдон бийликти алууну пландап жатышыптыр. Бабанов ал үчүн ПМ, Жанар Акаев спикерликти алат экен. Мунун артында Текебаев турат.
+4
abusait
2020-10-08 21:03:46
Glucke,козу ачык окшойсун ?
0
Glucke
2020-10-08 21:59:54
abusait, Көзүм ачык эмес карасаң акыркы жаңылыктарда С.Жапаров айтты го.
0
Ruslan-Gaparov
2020-10-08 18:48:27
ушулар жетбей атыле гандондор турмого тыкыла буну Атанбаевти пидараз сукаа Садыр ишти баштадыго дагы не кырек сана
+5
bond02
2020-10-08 19:37:31
Митингде атанардын башы барбы,болду да эми кеткени кетти келгени келди дагы эмне керек?! Талаага чыгып кылгыла митингинерди чогулган сайын шаарды талкалабай.
+5
bekbol2006
2020-10-08 21:53:49
Ушунун баарын кылып дагы бийлике келгиси келип жатат. Эл козунду чон ач
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан