"Мен өлкөнүн туруктуулугу үчүн бардыгына бардым. Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Курсан Асанов, Темир Сариев менен дагы жолуктум", - деди Садыр Жапаров өкмөт үйүнүн алдында берген маалымат жыйынында.
"Бирок ушул саясатчылар азыр ушундай иштерди жасап жатышат. Мен кайрылат элем, токтоткула мындай иштерди. Эгерде бийлик керек болсо чыккыла шайлоого. Мен жаштардын жана элдин талабын аткарам. Мен жаштар менен иштешем, себеби келечек ошолордо. Азыр эми бул жакта тургандар ар кандай провокацияларга алдырбай тарап кетиңиздер.
Азыр мен эч нерсе жок чолок болуп отурам. Аппарат жок, күч органдарынын баары Субаналиевде, Асановдо болуп турат. Бирок Асановго эч нерсе айта албайм. Себеби анын позициясы нейтралдуу эле", - деди ал.